# КР БШК 2021-жылдын 22-марты № 86 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 11 "макул", жетекчиси - А.А.Акматалиев)" токтому

- Толук аталышы: КР БШК 2021-жылдын 22-марты № 86 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 11 "макул", жетекчиси - А.А.Акматалиев)" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3018/edition/1057388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР БШК 2021-жылдын 22-марты № 86 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 11 "макул", жетекчиси - А.А.Акматалиев)" токтому (22.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600284

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 22-марты № 86

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 11 "макул", жетекчиси - А.А.Акматалиев)

2021-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 12 адам, жетекчиси А.А.Акматалиев башында турган "макул" тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-14/859) келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 11-катар номери менен курамы 12 адамдан, жетекчиси Акматалиев Алмазбек Акматалиевич башында турган "макул" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.

2. № 11 "макул" үгүт топтун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Казакбаева Чынара Совхозбековна катталсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 22-мартындагы № 86 токтомунун тиркемеси

№ 11 "макул" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ

№

ФАА

Туулган датасы

1

Акматалиев Алмазбек Акматалиевич (жетекчиси)

12.10.1959

2

Абдиева Адиля Ильясбековна

03.05.1976

3

Баймулдинова Анара Токталиевна

27.04.1969

4

Бекмуратова Эльвира Алмазбековна

27.12.1988

5

Исланова Рахат Усенбековна

17.09.1973

6

Кадырова Бермет Маратовна

25.12.1979

7

Казакбаева Чынара Совхозбековна

16.03.1990

8

Осмонкулова Асел Мамбеткуловна

30.01.1985

9

Султаналиев Азис Тилебекович

20.04.1987

10

Супатаева Нуржан Тилекматовна

05.07.1962

11

Туйбаев Руслан Жайлымышович

28.05.1988

12

Жапаров Турдубек Турдалиевич

15.09.1960
