# КР БШК 2021-жылдын 19-марты № 83 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 9 "макул", жетекчиси - А.Т.Байматов)" токтому

- Толук аталышы: КР БШК 2021-жылдын 19-марты № 83 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 9 "макул", жетекчиси - А.Т.Байматов)" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3015/edition/1057382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР БШК 2021-жылдын 19-марты № 83 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 9 "макул", жетекчиси - А.Т.Байматов)" токтому (19.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600281

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 19-марты № 83

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 9 "макул", жетекчиси - А.Т.Байматов)

2021-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 13 адам, жетекчиси А.Т.Байматов башында турган "макул" тобунан каттоо үчүн сунуштама (кириш № 01-14/854) келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 9-катар номери менен курамы 13 адамдан, жетекчиси Байматов Азамат Тарзанович башында турган "макул" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.

2. № 9 "макул" үгүт топтун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Курманбекова Перизат Курманбековна катталсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-мартындагы № 83 токтомунун тиркемеси

№ 9 "макул" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ

№

ФИО

Туулган күнү

1

Байматов Азамат Тарзанович (жетекчиси)

28.06.1983

2

Ажибеков Эржан Ажибекович

19.10.1991

3.

Алтынбеков Улукбек Алтынбекович

15.02.1993

4

Джакыпбеков Бекболот Казакович

26.06.1982

5

Джумабеков Самат Сыргыкбекович

19.09.1988

6

Жузупаев Аскар Ашыралиевич

22.05.1991

7

Качкеева Нуриза Муктаалиевна

05.09.1983

8

Мирбеков Нурлан Мирбекович

08.02.1993

9

Мусаканова Самара Асановна

29.03.1982

10

Молдали уулу Нурдоолот

13.09.1991

11

Надырбеков Эламан Надырбекович

04.10.1993

12

Озорбаев Медербек Эмилбекович

23.08.1991

13

Усон уулу Абдулмажит

02.04.1993
