# КР БШК 2021-жылдын 18-марты № 72 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1 "макул", жетекчиси - Тентишев Б.Э.)" токтому

- Толук аталышы: КР БШК 2021-жылдын 18-марты № 72 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1 "макул", жетекчиси - Тентишев Б.Э.)" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-3004/edition/1056947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР БШК 2021-жылдын 18-марты № 72 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1 "макул", жетекчиси - Тентишев Б.Э.)" токтому (18.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600270

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 18-марты № 72 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 1 "макул", жетекчиси - Тентишев Б.Э.)

2021-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына курамы 15 адам, жетекчиси Тентишев Б.Э. башында турган "макул" тобунан каттоо үчүн сунуштама келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумда (бүткүл элдик добуш берүүгө) 1-катар номери менен курамы 15 адамдан, жетекчиси Тентишев Бакыт Эркинович башында турган "макул" тобу катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова

Кыргыз РеспубликасынынШайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 18-мартындагы № 72 токтомунун тиркемеси

№ 1 "макул" тобунун мүчөлөрүнүн ТИЗМЕСИ

№

ФАА

Туулган датасы

1

Тентишев Бакыт Эркинович (жетекчиси)

28.08.1986

2

Абылгазиев Манас Азизбекович

15.09.1996

3

Аджигулов Тилек Бейшенкулович

21.10.1988

4

Алаков Чынгыз Качкынбекович

20.06.1987

5

Амантуров Арстанбек Замирбекович

27.02.1991

6

Аскаров Эр-Мурас Аскарович

29.03.1997

7

Байымбеков Азамат Идирисович

16.08.1983

8

Жамангулов Канат Каныбекович

30.11.1988

9

Жапаркулов Ринат Жапаркулович

03.06.1988

10

Жумабеков Азим Жумабекович

23.12.1992

11

Нурманбетов Азат Куванычбекович

07.06.1987

12

Сагынбаев Тимур Табылдиевич

23.03.1988

13

Тологонов Данияр Нурдинович

09.02.1991

14

Укумалиев Расул Эркинбекович

11.10.1979

15

Эдигеев Джанат Асылбекович

15.08.1988
