# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы № 67 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы № 67 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2999/edition/1056302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы № 67 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому (14.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600265

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 14-марты № 67 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду(жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43 – беренесинин 5-бөлгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы банк мекемелери болуп аныкталсын.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М. Баатыровага жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
