# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы № 64 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы № 64 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 14.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2996/edition/1056322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 14-мартындагы № 64 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитүү жөнүндө" токтому (14.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600262

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 14-марты № 64 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын бекитүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамы менен дайындалган 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-8 беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планы бекитилсин.

2. 2021-жылдын 11-апрелине «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планы китепче катары басып чыгарылсын.

3. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планы референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча ишти уюштуруу үчүн төмөн турган шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
