# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 59 "Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 59 "Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2991/edition/1077043/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 59 "Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө" токтому (12.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600257

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 12-марты № 59 Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 35, 2020-жылдын 20-январындагы № 5 токтомдору менен бекитилген Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Бишкек жана Ош мэрияларынын кайрылууларынын алкагында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-февралындагы № 2-2 чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5 пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

Бишкек жана Ош шаарларынын аймагындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин. Бишкек жана Ош аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары Бишкек жана Ош мэриялары менен биргеликте шайлоо участкаларынын өзгөртүлгөн схемалары, чек аралары боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-марты № 59 токтомуна тиркеме

Бишкек шаары

1. № 1345 шайлоо участкасынын чек арасынан – Аламүдүн-1 кичи районундагы № 35, 36 үйлөр чыгарылсын.

2. № 1344 шайлоо участкасынын чек арасына - Аламүдүн-1 кичи районундагы № 35, 36 үйлөр киргизилсин.

Ош шаары

1. № 5286 шайлоо участкасынын чек арасына - Анар кичи районундагы №15г, 17б, 1б жаңы курулган көп кабаттуу үйлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бөлүнүп берилген № 19 көп кабаттуу үй киргизилсин.

2. № 5284 шайлоо участкасынын чек арасынан - Анар кичи районундагы №18 (көзү азиз жарандарга берилген) көп кабаттуу үй чыгарылсын.

3. № 5286 шайлоо участкасынын чек арасына - Анар кичи районундагы №18 (көзү азиз жарандарга берилген) көп кабаттуу үй киргизилсин.

4. № 5309 шайлоо участкасынын чек арасынан - № 4 «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан Джим көчөсүндөгү №1 көп кабаттуу үй чыгарылсын.

5. № 5307 шайлоо участкасынын чек арасына - Джим көчөсүндөгү №1 көп кабаттуу үй киргизилсин.

6. № 5323 шайлоо участкасынын чек арасынан - № 5 «Амир-Темур» муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан Үч-Коргон көчөсүндөгү так тарабы 49, 53, 53, 55, 57, 59 жана жуп тарабы 38, 38-1, 40, 42, 50, 52, 56, 60, 62, 66, 68 үйлөр чыгарылсын.

7. № 5559 шайлоо участкасынын чек арасына - Үч-Коргон көчөсүндөгү так тарабы 49, 53, 53, 55, 57, 59 жана жуп тарабы 38, 38-1, 40, 42, 50, 52, 56, 60, 62, 66, 68 үйлөр киргизилсин.

8. № 5558 шайлоо участкасынын чек арасынан - №5 «Амир-Темур» муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан 191- көчөсүндөгү так тарабы 3, 5, 7, 9,11, 13, 15, 17, 19, 21, 23, 25, 27, 29 жана жуп тарабы 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 24, 26, 28 үйлөр чыгарылсын.

9. № 5913 шайлоо участкасынын чек арасына - 191- көчөсүндөгү так тарабы 3, 5, 7, 9,11, 13, 15, 17, 19, 21, 23, 25, 27, 29 жана жуп тарабы 2, 4, 6, 8, 10, 12, 14, 16, 18, 20, 22, 24, 26, 28 үйлөр киргизилсин.

10. № 5294 шайлоо участкасынын чек арасынан - Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкан Т.Ташиев көчөсүндөгү так тарабы 1,3,5,7,9,11,13,15, 17,19,21,23,25,27,29,31 жана жуп тарабы 2к,4к,6к,8к, 10к,12к,14к,16к, 18к,20к,22к,24к, 26к,28к,30к,32к, 34к, 36к,38к,40к, ошондой эле К.Эшманов көчөсүндөгү так тарабы 1,3,5, 7,9, 11,13,15,17,19,21, 23,25,27,29,31,33,35,37,39,41,43, жуп тарабы 2,4,6,8,10,12, 14,16,18,20, 22,24, 26,28,30,32,34,36,38 үйлөр чыгарылсын.

11. № 5293 шайлоо участкасынын чек арасына - Т.Ташиев көчөсүндөгү так тарабы 1,3,5,7,9,11,13,15,17,19,21,23,25, 27,29,31 жана жуп тарабы 2к,4к,6к,8к,10к,12к,14к,16к,18к,20к,22к,24к, 26к,28к,30к,32к,34к,36к, 38к,40к, ошондой эле К.Эшманов көчөсүндөгү так тарабы 1,3,5,7,9,11,13,15, 17,19,21,23,25,27,29,31,33,35,37,39,41,43, жуп тарабы 2,4,6,8,10,12, 4,16,18, 20,22, 24,26,28,30,32,34,36,38 үйлөр киргизилсин.

12. № 5292 шайлоо участкасынын чек арасынан - Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкан Ж.Атабаев көчөсүндөгү так тарабы 1,3,5,7,9,11,13,15,17,19,21,23,25,27,29,31,33,35 жана жуп тарабы 2,4,6,8, 10,12, 14,16,18,20,22,24 үйлөр чыгарылсын.

13. № 5293 шайлоо участкасынын чек арасына - Ж.Атабаев көчөсүндөгү так тарабы 1,3,5,7,9,11,13,15,17,19,21, 23,25,27,29,31,33,35 жана жуп тарабы 2,4,6,8,10,12,14,16,18,20,22,24 үйлөр киргизилсин.
