# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600245>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2979/edition/1067078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600245.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600245

---

КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 15-августундагы № 57 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ 2021-жылдын 15-февралы № 41 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 22-беренелерине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жол-жобосун унификациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2.2. Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниетин билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар ушул Жобонун 2.1-пунктунда белгиленген мөөнөттө төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш:

- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүүнү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылмасынын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын, өздөрүнүн өкүлдөрүнүн тизмесин көрсөтүүсү зарыл;

- жалпыга маалымдоо каражатын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсүн;

- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);

- маалымат жана массалык коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген иш жүргүзүүгө уруксат берген документтердин көчүрмөсүн;

- эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар. Мында эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.

Жалпыга маалымдоо каражаты ошондой эле жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрүнүн тизмесин жана электрондук варианттагы арызда камтылган башка маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын электрондук почтасына жөнөтөт.".

2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Шайлдабекова
