Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген „Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө“ жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 15 августа 2025 года № 57 "Об утверждении Положения о порядке аккредитации средств массовой информации на период подготовки и проведения выборов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-15.
КР Борборшайлоокомунун 2025-жылдын 15-августундагы № 57 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ 2021-жылдын 15-февралы № 41 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 22-беренелерине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жол-жобосун унификациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.2. Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ниетин билдирген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар ушул Жобонун 2.1-пунктунда белгиленген мөөнөттө төмөнкүдөй документтерди берүүгө тийиш:
- шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүүнү, анда жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылмасынын жетекчисинин ФААсын, координаттарын жана байланыш маалыматтарын, өздөрүнүн өкүлдөрүнүн тизмесин көрсөтүүсү зарыл;
- жалпыга маалымдоо каражатын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн же жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн (интернет-басылмалар үчүн) көчүрмөсүн;
- уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);
- маалымат жана массалык коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген иш жүргүзүүгө уруксат берген документтердин көчүрмөсүн;
- эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттар жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтар. Мында эфир убактысын, басма аянтчасын жана интернет-басылмаларына жарыялоо укугун бергендиги үчүн наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.
Жалпыга маалымдоо каражаты ошондой эле жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрүнүн тизмесин жана электрондук варианттагы арызда камтылган башка маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын электрондук почтасына жөнөтөт.".
2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 57 "Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга…Постановление · 15.08.2025 · № 57
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо…Постановление · 11.10.2016 · № 151 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-октябрындагы № 151 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин…Положение · 11.10.2016 · № 151 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 15-августундагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү…Постановление · 15.08.2025 · № 56 · Күчүн жоготкон