# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 40 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 40 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2977/edition/1067074/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы № 40 "2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө" токтому (15.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600243

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ 2021-жылдын 15-февралы № 40 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20 жана 21-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н.Шайлдабекова
