Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ 2021-жылдын 15-февралы № 40 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 20 жана 21-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 08.02.2021 · № 21 · Күчүн жоготкон