Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ 2021-жылдын 18-февралы № 43 Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 5 токтому менен бекитилген Ош облусунун Кара-Суу аймагындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-февралындагы № 3 чечиминин, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-февралындагы № 1 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы айрым шайлоо участкаларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Кара-Суу аймактык, участкалык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоо участкаларынын өзгөртүлгөн схемалары, чек аралары боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Ош шаардык кеңешинин жана Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош…Постановление · 20.01.2020 · № 5
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98