Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2020-жылы 17-ноябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 21-ноябры № 371 2020-жылы 17-ноябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2020-жылы 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы № 280 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич, Гаипбердиев Салмоорбек Досумканович, Сайитбеков Нурлан Авийевич катталган, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-ноябрындагы протоколу менен Барпы айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич 19 добуш, Гаипбердиев Салмоорбек Досумканович 1 добуш, Сайитбеков Нурлан Авийевич 11 добуш алгандыгы белгиленген. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-ноябрындагы протоколу менен Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу 2020-жылдын 17-ноябрындагы протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 17-ноябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-ноябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы Барпы айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы № 280 "Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы, Көк-Арт айыл өкмөттөрүнүн…Постановление · 31.10.2020 · № 280
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон