# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 358 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин жана Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 358 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин жана Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 358
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2933/edition/1055803/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 358 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин жана Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (19.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600171

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 19-ноябры № 358 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин жана Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 277 токтому менен 2020-жылдын 17-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоодо 1 талапкер катталган, катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын жазып берген. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы № 280 токтому менен 2020-жылдын 18-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугунан өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" жана "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 3-декабрына дайындалсын жана саат 09.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен кайра шайлоо 2020-жылдын 3-декабрына дайындалсын жана саат 09.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Жалал-Абад жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
