# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 7-майынын №35 "2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолор киргизүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 7-майынын №35 "2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолор киргизүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60017>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13380/edition/329039/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60017.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 7-майынын №35 "2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолор киргизүү тууралуу" Токтому (07.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60017

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 7-майы УӨ № 35

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку

берилүүчү материалдык жардам жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна

толуктоолор киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:

1. 2010-жылдын 8-апрелиндеги № 1 "Бир жолку берилүүчү материалдык

жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомуна

төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- 2-пунктта:

төртүнчү жана бешинчи абзацтар "жабыр тарткан жарандарына" деген

сөздөрдөн кийин "соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо"

деген сөздөр менен толукталсын;

пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"ок тийип ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген,

денесинен жењил жаракат алган, 2010-жылдын 6-апрелинен баштап 10-апре-

лине чейинки мезгилде медициналык жардамга кайрылган жана саламаттык

сактоонун стационардык жана амбулатордук уюмдарында дарыланып жаткан

Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык

экспертизанын корутундусу болгондо - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык

10000 (он мињ) сомдон;";

токтом төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"4-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик кат-

тоо кызматы паспорту жок жабыр тарткан жарандарга шашылыш тартипте пас-

портторду берүүнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги-

нин тизмесине ылайык жүргүзсүн.";

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-ап-

релинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында аскер кызматчыларын жана

укук коргоо органдарынын кызматчыларын кошуп алганда Кыргыз Республика-

сынын курман болгон жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жапа чеккен

жарандарына бир жолку берилүүчү материалдык жардамды төлөп берүүнүн

тартибине:

2-пунктта:

үчүнчү жана төртүнчү абзацтар "жапа чеккен жарандарына" деген

сөздөрдөн кийин "соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болгондо"

деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- ок тийип ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген,

денесинен жењил жаракат алган, 2010-жылдын 6-апрелинен баштап 10-апре-

лине чейинки мезгилде медициналык жардамга кайрылган жана саламаттык

сактоонун стационардык жана амбулатордук уюмдарында дарыланып жаткан

Кыргыз Республикасынын жабыр тарткан жарандарына соттук-медициналык

экспертизанын корутундусу болгондо - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык

10000 (он мињ) сомдон;";

7-пунктта:

төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- түп нускасын көрсөтүү менен аскер билетинин көчүрмөсүн, айдоо-

чунун күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты кат-

тоо департаментинин (МКК ККД) паспорттук бөлүмдөрү берген убактылуу

өздүк күбөлүгүн, МКК ККД алдын ала текшергенден кийин;";

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Узак убакыттан бери белгилүү бир калктуу конуштарда туруктуу жа-

шаган, бирок башка региондордо катталган жабыр тарткан жарандар паспор-

ту жана иш жүзүндө жашаган жеринен справкасы болгондо бир жолку бе-

рилүүчү материалдык жардамды алууга укуктуу.".

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басарына - каржы министрине

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
