# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 "2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 "2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 370
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600167>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2929/edition/1055667/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600167.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 "2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому (20.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600167

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 20-ноябры № 370 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 120 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 13-025/11769 жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-ноябрындагы № 814 сунуштарынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жумшалуучу бюджеттик каражаттарды акыл-эстүүлүк менен пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүүнү уюштуруу үчүн 1-тиркемеге ылайык 45 (кырк беш) шайлоо участогу түзүлсүн.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларын 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого бекитсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 370 токтомуна 1-тиркеме

2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүүнү уюштуруу үчүн түзүлгөн шайлоо участкаларынын ТИЗМЕСИ

№ УШК

Чет өлкөдөгү мекеме

Дареги

Электрондук дареги

1

2

3

9001

9005

9015

Россия Федерациясындагы КР Элчилиги

Большая Ордынка көч., 64

kgembassy.ru@mfa.gov.kg

4

9009

Екатерингбург шаарындагы КРнын Башкы консулдугу

Екатеринбург ш., Щорс көч., 54а, 5-офис

kgconsulate.ekb@mfa.gov.кg

5

9010

Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугу

Новосибирск ш., Крылова көч., 64/1

kgconsulate.sib@mfa.gov.kg

6

9002

КРнын РФдагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Кеңсеси

Санкт-Петербург ш., Чехов көч., д 14 б лит А., 2Нм

konsul\_kr\_spb@mail.ru

7

9004

КРнын РФдагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы Кеңсеси

Владивосток ш.,.Алеутская көч., 15 "В", 402-офис

consulvl@mail.ru

8

9003

КРнын РФдагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы Кеңсеси

Красноярск ш., Мир просп. 132

kgkrasnoyarsk@mail.ru

9

9022

КРнын Украинадагы Элчилиги

Киев ш., Печерский р-ну, Редутный көч., № 19/34

kgembassy.ua@mfa.gov.kg

10

9023

КРнын Беларусь Республикасындагы Элчилиги

Минск ш., Старовиленская көч. 57

kgembassy.by@mfa.gov.kg

11

9028

КРнын Казакстан Республикасындагы Элчилиги

Нур-Султан ш., Дипломатиялык шаарчасы В-5, Кунаева көч. 1

kgembassy.kz@mfa.gov.kg

12

9027

Алматы шаарындагы КР Башкы консулдугу

Алматы ш., Луганского көч., 30 "А"

kgconsulate.almaty@mfa.gov.kg

13

9025

КРнын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги

Ташкент ш., Мирзо-Улугбек р-ну, Ниёзбекйули көч., 30-үй

kgembassy.uz@mfa.gov.kg

14

9024

КРнын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги

Душанбе ш., Саид Носиров көч., 56 а

kgembassy.tj@mfa.gov.kg

15

9011

КРнын Түркмөнстандагы Элчилиги

Ашхабат ш., Гарашсызлыкшаелы көч., 17-үй

kgembassy.tm@mfa.gov.kg

16

9012

КРнын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги

Баку ш., Башира Сафарли көч. № 133 ("SatPlaza" Бизнес борбору, 16-этаж)

kgembassy.az@mfa.gov.kg

17

9034

КРнын АКШ жана Канададагы Элчилиги

2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008

kgembassy.usa@mfa.gov.kg

18

9038

КРнын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Элчилиги

Ascot House, 119 Crawford str., London, W1U 6BJ

kgembassy.uk@mfa.gov.kg

19

9039

КРнын Швейцария Конфедерациясындагы Элчилиги

AvenueBlanc 51, 1202 Geneve

kgembassy.cn@mfa.gov.kg

20

9037

КРнын Бельгия Королдугундагы Элчилиги

Rue de l'Abbaye 47, 1050 Bruxelles

kgembassy.be@mfa.gov.kg

21

9032

КРнын Австрия Республикасындагы Элчилиги

Invalidenstrasse 3/8, 1030 Wien

kgembassy.at@mfa.gov.kg

22

9029

КРнын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги (Берлин ш.)

Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin

kgconsulate.berlin@mfa.gov.kg

23

9030

КРнын Франкфурт/Майн шаарындагы Консулдук агенттиги

Broennerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main

kgconsulate.frankfurt@mfa.gov.kg

24

9031

КРнын Элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмү

Aennchenstrasse 61, 53177 Bonn

kgconsulate.bonn@mfa.gov.kg

25

9036

КРнын Туркия Республикасындагы Элчилиги

Turan Gunes Bulvari, Galip Erdemcaddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450

kgembassy.tr@mfa.gov.kg

26

9035

КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу

Lamartin Caddesi No:7, Taksim, 34437 Beyoğlu, İstanbul

kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg

27

9040

КРнын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги

г.Пекин, 10/11 King's Villas 18, Xiaun Road, 100016 г.

kgembassy.cn@mfa.gov.kg

28

9041

КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу

Гуанчжоу ш., Тяньхэ району, Тяньхэ көч. 228, Гуаншэн имараты к. 707

kgconsulate.guangzhou@mfa.gov.kg

29

9019

КРнын Япониядагы Элчилиги

108-0073, Токио ш., Минато-ку, 1-5-7 Мита

kgembassy.jp@mfa.gov.kg

30

9042

КРнын Корея Республикасындагы Элчилиги

г. Сеул, Йонгсан-гу, Собингго-ро 91 лагиль 16-10 (Донгбингго-донг 28-17)

kgembassy.kr@mfa.gov.kg

31

9008

КРнын Индия Республикасындагы Элчилиги

Д 2/2, ВасантВихар, г.Нью-Дели-110057

kgembassy.in@mfa.gov.kg

32

9048

КРнын Малайзиядагы Элчилиги

10-й этаж, WismaSinHeapLee, 346 JalanTunRazak, 50400 г.Куала-Лумпур

kgembassy.my@mfa.gov.kg

33

9045

КРнын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги

6575 Amr Al Damri Street - Assafarat Dist. RIYADH 12511-3562 Kingdom of Saudi Arabia

kgembassy.sa@mfa.gov.kg

34

9046

КРнын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги

Кувейт, район Сурра, Блок 6, 13-я улица, Вилла-34

kgembassy.kw@mfa.gov.kg

35

9050

КРнын Катар мамлекетиндеги Элчилиги

г.Доха, Лежбайлат-64, Вилла № 7, ул. № 963

kgembassy.qa@mfa.gov.kg

36

9051

Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги, Абу-Даби ш.

Bayn Al Jesrain, Villa 5, Qaryat Al BeriАбу-Даби

kgembassy.ae@mfa.gov.kg

37

9044

КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу

Дубай шайры, Дейра, Ригга р-ну, Аль Бутеен, Грин Тауэр имараты, № 302 офис

kgconsulate.dubai@mfa.gov.kg

38

9043

Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилиги

Тегеран шаары, Пасдаран/Наренжестан көчөсү 5, № 24 үй

kgembassy.ir@mfa.gov.kg

39

9049

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги

Исламабад ш. № 12, 33 көч. F-8/1 сектору

kgembassy.pk@mfa.gov.kg

40

9007

КРнын РФдагы Элчилигинин Иркутск шаарындагы Кеңсеси

Иркутск

kgirkutsk@mfa.gov.kg

41

9006

КРнын РФдагы Элчилигинин Якутск шаарындагы Кеңсеси

Якутск ш., г. Якутск ул. Пояркова, 4 көч, 58

kgyakutsk@mfa.gov.kg

42

9013

КРнын РФдагы Элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы Кеңсеси

Южно-Сахалинск ш., Мира прос. 2б/5

kgysakhalinsk@mfa.gov.kg

43

9014

КРнын РФдагы Элчилигинин Сургут шаарындагы Кеңсеси

Сургут ш., Югорский тракт, д. 1

kgsurgut@mfa.gov.kg

44

9033

КРнын Италиядагы Элчилиги

Рим ш., via Clitunno 2, 00198 Roma

kgembassy.it@mfa.gov.kg

45

9047

КРнын Франция Республикасындагы Элчилиги

Париж, 49, rue de Bellechasse 75007 Paris

kgembassy.fr@mfa.gov.kg
