# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-ноябры № 347 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-ноябры № 347 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 347
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2928/edition/1055649/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-ноябры № 347 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (18.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600166

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 18-ноябры № 347 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир ченемдик укуктук актыларын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2 конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 25-пунктта "5 пайыздан" деген сөздөр "1 пайыздан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 43-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар, байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды жана кызматтарды акысыз жүзөгө ашырууга укуктуу.".

2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
