Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 токтому менен бекитилген „Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө“ Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 18-ноябры № 347 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир ченемдик укуктук актыларын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2 конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 25-пунктта "5 пайыздан" деген сөздөр "1 пайыздан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 43-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар, байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды жана кызматтарды акысыз жүзөгө ашырууга укуктуу.".
2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо…Постановление · 29.10.2020 · № 279
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз…Положение · 29.10.2020 · № 279
- КР 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Конституционный Закон · 11.11.2020 · № 2
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.