# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 308 "Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 308 "Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 308
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2892/edition/1055471/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 308 "Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (13.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600128

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ 2020-жылдын 13-ноябры № 308 Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2020-жылдын 11-августундагы № 104-р буйругу менен Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Аманкулов Эмир Эркинбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 2-декабрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.

2. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
