# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2020-жылдын 18-ноябры № 345 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2020-жылдын 18-ноябры № 345 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 345
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2888/edition/1056903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2020-жылдын 18-ноябры № 345 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (18.11.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600124

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ 2020-жылдын 18-ноябры № 345 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 192 буйругу менен Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысы Сагындыкова Салтанат Бейшеевна өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 53 буйругу менен Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы Касымов Батырбек Канатбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 581 буйругу менен Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбек Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалган. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 608 буйругу менен Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Марипов Бакытбек Асамидинович Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна, Ош облусунун Алай районунун Гүлчө жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 7-декабрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ак-Суу, Жети-Өгүз, Алай жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
