Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 268 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ 2020-жылдын 2-ноябры № 287 "2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 268 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-октябрындагы № 265 токтому менен бекитилген 2021-жылдын 10-январы өткөрүү датасы деп аныкталган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40, 48-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 268 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта "549161100 (беш жүз кырк тогуз миллион жүз алтымыш бир миң бир жүз)" деген сөздөр "688961237 (алты жүз сексен сегиз миллион тогуз жүз алтымыш бир миң эки жүз отуз жети)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкү мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) 137290267 (жүз отуз жети миллион эки жүз токсон миң эки жүз алтымыш жети) сом суммасында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо кайра добуш берүү (дайындалган учурда) үчүн чыгымдардын кошумча сметасын (4-тиркеме).";
- токтом ушул токтомдогу тиркемеге ылайык 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 268 "2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин…Постановление · 26.10.2020 · № 268
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 24.10.2020 · № 263
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-октябрындагы № 265 "2021-жылдын 10-январы өткөрүү датасы деп аныкталган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.10.2020 · № 265
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62