Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ Бишкек шаары, 2020-жылдын 6-ноябры № 297 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2020-жылдын 3-ноябрындагы № 60 буйругу менен Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбаев Улан Калмакович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2020-жылдын 30-октябрындагы № 20-пр буйругу менен Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2020-жылдын 26-октябрындагы № 60-р буйругу менен Милянфан айыл өкмөтүнүн башчысы Губеза Сулейман Маданзанович "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 5-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш, Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 25-ноябрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.
2. Тоң, Нарын жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 1-декабрындагы № 385 "2020-жылы 25-ноябрында өткөрүлгөн Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айыл…Постановление · 01.12.2020 · № 385
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы № 386 "2020-жылы 25-ноябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш…Постановление · 03.12.2020 · № 386
- КР БШК 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-ноябрдагы № 297 токтомуна…Постановление · 13.11.2020 · № 310
Шилтеме берет (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2020 · № 244 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон