Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Чүй облусунун Чүй райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 9-декабры № 421 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Чүй облусунун Чүй райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө Ак-Суу, Ак-Талаа жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдердин негизинде, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Чүй облусунун Чүй райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.
2. Ак-Суу, Ак-Талаа жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
А. Бекматов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-декабрындагы № 422 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы
Талас облусу
Бакай-Ата району
1
Ленинполь айылдык
Омуралиев Аскат Эсенбекович
Өз арызы
№ 27,
2.12.2020-жылы.
Жалал-Абад облусу
Токтогул району
2
Жаңы-Жол айылдык
Мамытбеков Замирбек Куручбекович
Өз арызы
№ 21,
2.12.2020-жылы.
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
3
Кереге-Таш айылдык
Талипов Табылды Келгенбаевич
Каза болгондугуна байланыштуу
№ 18,
17.11.2020-жылы.
4
Теплоключенка айылдык
Каранаев Адилет Амантурович
Өз арызы, депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка кызматка өтүшү
№ 20,
17.11.2020-жылы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 9-декабрындагы № 422 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым…Постановление · 09.12.2020 · № 422