# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы № 420 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы № 420 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 420
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600086>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2851/edition/1056040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600086.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы № 420 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (07.12.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600086

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 7-декабры № 420 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 345 токтому менен 2020-жылдын 7-декабрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 345 токтому менен 2020-жылдын 7-декабрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлое Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18- беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо 2020-жылдын 21-декабрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн.

2. Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
