Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 7-декабры № 419 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо байкоо жүргүзүү үчүн ЕККУ ДИАУБдун өкүлдөрү эл аралык байкоочулар катары 1-тиркемеге ылайык аккредитациялансын.
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 7-декабрындагы № 419 токтомуна 1-тиркеме
Аккредитацияланган эл аралык байкоочулардын ТИЗМЕСИ
№ к/м
күб. №
Байкоочу көрсөтүлгөн эл аралык уюм
Ф.А.А.
Өлкө
Кызмат орду
1
044
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ЕККУ ДИАУБ)
Мезерич Тамаш
Венгрия Республикасы
ЕККУ ДИАУБдун Миссиянын башчысы
2
045
ЕККУ ДИАУБ
Титтель Сильке Гизела
Германия Федеративдик Республикасы
ЕККУ ДИАУБдун Миссиянын башчысынын орун басары
3
046
ЕККУ ДИАУБ
Споррер Вольфганг
Австрия Республикасы
ЕККУ ДИАУБдун саясий аналитиги
4
047
ЕККУ ДИАУБ
Инаишвили Каха
Грузия
ДИАУБ Шайлоо боюнча кеңешчиси
5
048
ЕККУ ДИАУБ
Новотны Петер
Россия Федерациясы
ДИАУБ Шайлоо боюнча аналитиги
6
049
ЕККУ ДИАУБ
Четайкина Светлана
Россия Федерациясы
ЕККУ ДИАУБдун юридикалык аналитиги
7
050
ЕККУ ДИАУБ
Тилпунов Егор
Украина
ЕККУ ДИАУБдун медиа аналитиги
8
051
ЕККУ ДИАУБ
Фишер Карло Паппалардо
Италия
ДИАУБдун узак мөөнөттүү байкоочу - координатору (LТО)
9
052
ЕККУ ДИАУБ
Кремлева Валентина
Россия Федерациясы
ДИАУБ ыкчам иштер боюнча эксперти
10
053
ЕККУ ДИАУБ
Имамович Мисо
Босния жана Герцеговина
ДИАУБ сатып алуулар жана контракттар боюнча улук жардамчысы
11
054
ЕККУ ДИАУБ
Г олиджашвили Михаил
Грузия
ДИАУБ коопсуздук боюнча эксперти
12
055
ЕККУ ДИАУБ
Джуракулов Фаррух
Тажикстан Республикасы
ДИАУБдун финансы кызматкери
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик)…Постановление · 09.11.2016 · № 197
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62