Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-декабры № 389 Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 308 токтому менен 2020-жылдын 2-декабрына дайындалган Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 311 токтому менен 2020-жылдын 2-декабрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо 2020-жылдын 17-декабрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
А. Бекматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР БШК 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 311 "2020-жылдын 14-августунда болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн…Постановление · 13.11.2020 · № 311
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 308 "Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону…Постановление · 13.11.2020 · № 308
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2020 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон