# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-октябрындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-октябрындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2816/edition/1072544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-октябрындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө" токтому (25.10.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600050

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2020-жылдын 25-октябры № 269 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 6-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобу ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык көрсүн.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу Көзөмөлдөө-текшерүү топтун жетекчисине Г.М.Баатыровага жүктөлсүн.

Төрага

Н.Шайлдабекова
