# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн документтердин тизмеги жана формалары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн документтердин тизмеги жана формалары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 278
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/600047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/600047/edition/1186574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/600047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн документтердин тизмеги жана формалары жөнүндө" токтому (28.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/600047

---

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-августундагы № 90 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2020-жылдын 29-октябры № 278 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн документтердин тизмеги жана формалары жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49, 53-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген документтердин тизмеги 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген документтердин төмөнкүдөй формалары бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө талапкердин арыздын формасы (1-форма);

2) Талапкерди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын съездинин чечиминин протоколунун формасы (2-форма);

3) Саясий партиядан талапкерлигин көрсөтүүгө макулдугу жөнүндө талапкердин арыздын формасы (3-форма);

4) Башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу жөнүндө маалыматтардын формасы (4-форма);

5) Башка мамлекеттин жарандыгы бардыгы же жоктугу (анын ичинде мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) жөнүндө жеке маалыматтарды иштеп чыгууга кат жүзүндөгү макулдугунун формасы (5-форма);

6) Шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө талапкердин арыздын формасы (6-форма);

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы (7-форма).

3. Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды, байкоочуларды каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген документтеринин төмөндөгүдөй формалары бекитилсин:

1) Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө талапкердин арыздын формасы (8-форма);

2) Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө арыздын формасы (9-форма);

3) Ыйгарым укуктуу өкүлдү кайра чакырып алуу жөнүндө кабарламанын формасы (10-форма);

4) Ишенимдүү адамды дайындоо жөнүндө талапкердин арыздын формасы (11-форма);

5) Ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздын формасы (12-форма);

6) Ишенимдүү адамдарды кайра чакырып алуу жөнүндө кабарламанын формасы (13-форма);

7) Шайлоо комиссиясындагы өкүлдү дайындоо жөнүндө арыздын формасы (14-форма);

8) Өкүлдү кайра чакырып алуу жөнүндө кабарламанын формасы (15-форма).

4. 2-пункттун 1, 2, 3, 6, 7-пунктчаларында, 3-пункттун 8, 11, 13, 14, 15-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кагаз түрүндө, ошондой эле машинада окулчу түрдө, анын ичинде "Электрондук талапкер" маалыматтык программасы аркылуу берилет.

Ушул токтом менен бекитилген машинада окулчу түрдөгү документтердин формалары талапкерлер жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо максатында маалыматтык материалдарды түзүү үчүн, ошондой эле мыйзамдар менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүү үчүн пайдаланылат. Көрсөтүлгөн формалар алынуучу сактагычта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилет.

5. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

| ТӨРАГА | Н. ШАЙЛДАБЕКОВА |
