Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн документтердин тизмеги жана формалары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 августа 2026 года № 90 "Об утверждении Положения о порядке приема и проверки избирательных документов, представленных кандидатами на выборах Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-08-28.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-августундагы № 90 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2020-жылдын 29-октябры № 278 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн документтердин тизмеги жана формалары жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49, 53-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген документтердин тизмеги 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген документтердин төмөнкүдөй формалары бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө талапкердин арыздын формасы (1-форма);
2) Талапкерди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын съездинин чечиминин протоколунун формасы (2-форма);
3) Саясий партиядан талапкерлигин көрсөтүүгө макулдугу жөнүндө талапкердин арыздын формасы (3-форма);
4) Башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу жөнүндө маалыматтардын формасы (4-форма);
5) Башка мамлекеттин жарандыгы бардыгы же жоктугу (анын ичинде мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) жөнүндө жеке маалыматтарды иштеп чыгууга кат жүзүндөгү макулдугунун формасы (5-форма);
6) Шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө талапкердин арыздын формасы (6-форма);
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы (7-форма).
3. Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрдү, ишенимдүү адамдарды, байкоочуларды каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген документтеринин төмөндөгүдөй формалары бекитилсин:
1) Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө талапкердин арыздын формасы (8-форма);
2) Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө арыздын формасы (9-форма);
3) Ыйгарым укуктуу өкүлдү кайра чакырып алуу жөнүндө кабарламанын формасы (10-форма);
4) Ишенимдүү адамды дайындоо жөнүндө талапкердин арыздын формасы (11-форма);
5) Ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздын формасы (12-форма);
6) Ишенимдүү адамдарды кайра чакырып алуу жөнүндө кабарламанын формасы (13-форма);
7) Шайлоо комиссиясындагы өкүлдү дайындоо жөнүндө арыздын формасы (14-форма);
8) Өкүлдү кайра чакырып алуу жөнүндө кабарламанын формасы (15-форма).
4. 2-пункттун 1, 2, 3, 6, 7-пунктчаларында, 3-пункттун 8, 11, 13, 14, 15-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кагаз түрүндө, ошондой эле машинада окулчу түрдө, анын ичинде "Электрондук талапкер" маалыматтык программасы аркылуу берилет.
Ушул токтом менен бекитилген машинада окулчу түрдөгү документтердин формалары талапкерлер жөнүндө шайлоочуларга маалымдоо максатында маалыматтык материалдарды түзүү үчүн, ошондой эле мыйзамдар менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүү үчүн пайдаланылат. Көрсөтүлгөн формалар алынуучу сактагычта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилет.
5. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
| ТӨРАГА | Н. ШАЙЛДАБЕКОВА |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-августундагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер…Постановление · 28.08.2026 · № 90