Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2020-жылдын 6-октябры № 249
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө
"Республика", "Бир Бол", "Замандаш", "Ыйман Нуру", "Ата Мекен", "Реформа", "Чоң Казат", "Ордо", "Мекен Ынтымагы", "Социал-демократтар" саясий партиялары 2020-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо дайындоо жөнүндө арыз менен кайрылышты. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоонун натыйжаларын аныктайт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары азыркы учурда аныктала элек экендигин белгилейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери, мамлекеттин эгемендиги жана элдин биримдиги, укуктун үстөмдүгү, ошондой эле социалдык адилеттикти камсыздоо жогорку баалуулуктар болуп саналат. Өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаалдын чыңалуусу мындан ары курчуп кетүү мүмкүнчүлүгүн, натыйжасында жарандар жапа чеккен, өлкөнүн социалдык инфратүзүмүнө материалдык залал келтирген, жарандардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын коопсуздугуна коркунуч туудурган массалык толкундоолорду жана башаламандыкты эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасын демократиялык жактан туруктуу өнүктүрүү максатында, өлкөдөгү азыркы учурдагы жарандык ынтымакты жана коомдук-саясий туруктуулукту камсыздоо өтө маанилүү деп эсептейт. Баяндалгандын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 43, 44, 45-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары шайлоо участкаларында жараксыз деп таанылсын.
2. Ушул токтомдун көчүрмөлөрү аткаруу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары А.Бекматовго тапшырылсын.
Төрага
Н.Шайлдабекова
Төраганын орун басары
А.Бекматов
Төраганын орун басары
А.Эшимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү:
А.Асаналиев
Г.Джурабаева
Б.Кадыров
Г.Баатырова
Е.Джилкичиева
К.Осмоналиев
Т.Шайназаров
А.Сатыгулов
А.Абдрахматова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 2-декабрындагы ("Реформа" саясий партиясынын төрайымы Клара Сыргакбековна Сооронкулованын, ошондой эле жарандар Нурбек…Сот практикасы · Решение · 02.12.2020 · № 9-р
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 2-декабрындагы ("Реформа" саясий партиясынын төрайымы Клара Сыргакбековна Сооронкулованын, ошондой эле жарандар Нурбек…Решение · 02.12.2020 · № 9-р
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-октябрындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо…Постановление · 21.10.2020 · № 258
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон