# 9-статья. Жол жүрүүдөгү коопсуздук абалынын негизги көрсөткүчтөрүн мамлекеттик эсепке алууну уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511); 25.02.2021 [Закон КР от 25 февраля 2021 года № 21 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним", "О внутренней миграции")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112223)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234269..1234270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 9-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-9

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздук абалынын негизги көрсөткүчтөрүн эсепке алуу жүргүзүлөт. Мындай көрсөткүч катары жол кырсыктарынын, андан жана чеккен граждандардын, унаа каражаттарынын, айдоочулардын, бузулган транспорт каражаттарынын, жол кыймылындагы укук бузуулардын жана кылмыш иштеринин саны, ошондой эле жолдо жүрүүдөгү коопсуздук абалын жана муну камсыздандыруу үчүн аткарган иш-аракеттердин натыйжасын чагылдырган башка көрсөткүчтөр эсептелет.

2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик эсепке алууну Жүргүзүү, эсепке алынган маалыматтарды пайдалануу жана отчеттук маалыматтарды түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-10)
