# 8-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына коомдук бирикмелердин катышы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 8-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-8

---

Жолдо жүрүүгө катышкан граждандардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөрүлгөн коомдук бирикмелер жол кырсыктарын алдын алууда жана ал уюмдардын мүчөлөрүнүн жамааттык аракеттерин бириктирүү максатында алардын уставына ылайык жана мыйзамда бекитилген тартипте төмөнкүлөрдү аткарууга укуктуу:

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу органдарына тийиштүү иш-чараларды өткөрүүгө, эрежелерди, стандарттык, техникалык өлчөмдөрдү жана башка техникалык документтерди өркүндөтүүгө байланыштуу сунуштарды киргизүүгө;

- коомдук бирикмелердин мүчөлөрүнүн талабы боюнча жол кырсыктарынын болуш себептерин жана жагдайларын иликтөө жүргүзүүгө, буга байланыштуу материалдарды прокуратурага өткөрүп берүүгө жана сотто өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын жактоого;

- жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-9)
