Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына коомдук бирикмелердин катышы
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · II БӨЛҮМ
Жолдо жүрүүгө катышкан граждандардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөрүлгөн коомдук бирикмелер жол кырсыктарын алдын алууда жана ал уюмдардын мүчөлөрүнүн жамааттык аракеттерин бириктирүү максатында алардын уставына ылайык жана мыйзамда бекитилген тартипте төмөнкүлөрдү аткарууга укуктуу:
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу органдарына тийиштүү иш-чараларды өткөрүүгө, эрежелерди, стандарттык, техникалык өлчөмдөрдү жана башка техникалык документтерди өркүндөтүүгө байланыштуу сунуштарды киргизүүгө;
- коомдук бирикмелердин мүчөлөрүнүн талабы боюнча жол кырсыктарынын болуш себептерин жана жагдайларын иликтөө жүргүзүүгө, буга байланыштуу материалдарды прокуратурага өткөрүп берүүгө жана сотто өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын жактоого;
- жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө.
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-8" title="8-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>