# 6-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234269..1234270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 6-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагына төмөнкүлөр алынат:

- Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негиздерин аныктоо;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча эрежелердин, стандарттардын, техникалык өлчөмдөрдүн жана башка ченемдик документтердин бирдиктүү тутумун аныктоо;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен ушул Мыйзамга ылайык келишин контролдоо;

- жол кыймылынын Коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылган органдарды түзүү;

- жол кыймылынын коопсуздугун чыңдоо программасын иштеп чыгуу менен бекитүү жана алардын каржылоосун камсыз кылуу;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздандыруу боюнча атайын фонд түзүү;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында аткаруу бийлик органдары алардын жана анын регионалдык структуралары тарабынан жүргүзүлүүчү иш-аракеттерге мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду уюштуруу жана ишке ашыруу;

- жол кыймылынын Коопсуздугун камсыз кылуу жагында органдардын иш-аракеттерин шайкеш келтирүү;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы эл аралык келишимдерди түзүү укугу.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн ишке ашырууну аларга бере алат.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин өз алдынча чечет.

4. Кыргыз Республикасынын жолдорунда мамлекеттик контролдоонун ыйгарым укуктуу органдарынын станционардык постторун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча гана ишке ашырылат.

5. Ушул Мыйзамды колдонуунун натыйжалуулугун аныктоо максатында компетенциясынын чөйрөсүнө ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети кирген мамлекеттик органдар ушул Мыйзамдын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону жүзөгө ашырат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-7)
