# 5-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун негизги багыттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2024 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008305)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2024 [Закон КР от 11 июня 2024 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230008305); 05.02.2007 [Закон КР от 5 февраля 2007 года № 11 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202045); 24.06.2003 [Закон КР от 24 июня 2003 года № 113 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1241)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=6829..11337>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 5-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-5

---

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу төмөнкүчө ишке ашырылат:

- аткаруу бийлиги менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин аныктоо аркылуу;

- жол кырсыктарын алдын алуу жана келтирүүчү залалдарын жеңилдетүү максатында аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, юридикалык жана жеке жактардын иш-аракеттерин өз ара шайкеш келтирүү аркылуу;

- жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарында, анын ичинде автомобиль, шаардагы жер үстүндө жүрүүчү электр транспортторунда жана жол чарбасында аткарылуучу иш-аракеттерди жөнгө салуу аркылуу;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча белгиленген тартипте ченемдик укуктук актыларын, эрежелерди, стандарттарды, техникалык өлчөмдөрдү жана башка ченемдик документтерди иштеп чыгуу аркылуу;

- жол кыймылын уюштуруу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу аркылуу;

- жол кыймылынын коопсуздугу боюнча иш-чараларды материалдык жана каржылык Жактан камсыздандыруу аркылуу;

- транспорт каражаттарын каттоо жана эсепке алуу аркылуу;

- транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо жана жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелери менен талаптарына граждандарды үйрөтүү иштерин уюштуруу аркылуу;

- жол кыймылынын коопсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплексин өткөрүү аркылуу;

- транспорт менен жол чарбасынын объектилерин, продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн милдеттүү түрдө сертификациялоо аркылуу;

- транспортто жүрүүнү камсыздандыруу тармагындагы социалдык багыттуу саясатты ишке ашыруу аркылуу;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эрежелердин, стандарттардын, техникалык өлчөмдөрдүн жана башка ченемдик документтердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүү аркылуу.

(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113, 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2024-жылдын 11-июнундагы № 93 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-6)
