# 29-статья. Автомобиль жолдорунда жүрүүнүн коопсуздук эрежелерине граждандарды үйрөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 29-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-29

---

1. Жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерине граждандарды милдеттүү түрдө үйрөтүү билим берүү; ишин аткарууга лицензия алган түрдүү уюштуруу-укуктук формадагы мектепке чейинки, жалпы жана адистик билим берүү мекемелеринде автомобиль жолдорунда, белгиленген тартипте ж.б.у.с. жүргүзүлөт.

2. Автомобиль жолдорунда жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин граждандарга үйрөтүү транспорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан иштелип чыккан типтүү программалар менен усулдук сунуштарга ылайык жүргүзүлөт.

3. Жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерине граждандарды милдеттүү түрдө үйрөтүү жөнүндөгү жободор билим берүүнүн тийиштүү мамлекеттик стандарттарына киргизилет.

4. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин органдары жана мамлекеттик массалык маалымат каражаттары жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин граждандарга үйрөтүү боюнча аткаруу бийлигинин тийиштүү органдары тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга жардам берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-30)
