# 27-статья. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511); 03.07.2014 [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331); 05.02.2007 [Закон КР от 5 февраля 2007 года № 11 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202045)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234269..1234270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 27-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-27

---

1. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык, психикалык ден соолугун аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөн жана ушул Мыйзамдын 25-статьясында көрсөтүлгөн шарттарга ылайык квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган адамдарга берилет.

2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу тийиштүү күбөлүк менен тастыкталат. Кыргыз Республикасынын аймагында айдоочунун улуттук жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин талаптарына туура келген эл аралык күбөлүктөрү кызмат өтөйт.

3. Адистик сынактарды тапшыруу жана айдоочунун күбөлүгүн, ошондой эле тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

31. Транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамен тапшырууда талапкер айдоого үйрөнүүдө алган транспорт каражаттарын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүүгө милдеттүү. Айдоонун практикалык көндүмдөрүн ырастоо автомобиль транспортуна орнотулган видеокаттоолор менен жүзөгө ашырылган видеотартуулар же болбосо видеожазууларды жүзөгө ашыруучу башка түзүлүштөр менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-261)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-28)
