# 26-статья. Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча негизги талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511); 21.02.2019 [Закон КР от 21 февраля 2019 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111833)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234269..1234270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 26-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-26

---

1. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укукту медициналык көрсөткүчтөр боюнча тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берилген, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда теориялык жана практикалык сынактарды тапшырган, тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо программасы боюнча окутуучу (билим берүүчү) уюмдарда тиешелүү окуудан (кайра окуудан) өткөн жарандар алат.

2. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо программалары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде окутуучу (билим берүүчү) уюмдар тарабынан иштелип чыгат.

3. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга медициналык каршы көрсөткүчтөр менен чектөөлөр жана медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-25)  
Кийинки берене: [261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-261)
