# 241-статья. Катталган транспорт каражаттарынын маалыматтар базасы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511); 03.07.2014 [Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205331)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234269..1234270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 241-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-241

---

1. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катталган транспорт каражаттарын маалыматтардын электрондук базасына киргизүүгө милдеттүү. Маалыматтардын электрондук базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган укук коргоо органдарынын, салык кызматы органдарынын кызматкерлеринин жана башка кызмат адамдарынын маалыматтардын электрондук базасына оперативдүү жеткиликтүүлүгүн уюштурууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-июлундагы № 110, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-24)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-25)
