# 23-статья. Жол кыймылынын катышуучуларынын укугу жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234269..1234270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 23-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-23

---

1. Граждандардын Кыргыз Республикасынын жолдорунда коопсуздук шартында жүрүү укугу мамлекет тарабынан гарантияланат жана ал Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткаруу аркылуу камсыздандырылат.

2. Жол кыймылынын катышуучулары тарабынан өз укугун ишке ашырууда башка катышуучулардын укугун чектөөгө же бузууга жол берилбеши керек.

3. Жол кыймылынын катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:

- белгиленген эрежелерге ылайык жана алардын негизинде эркин жана тоскоолдуксуз жолдордо жүрүүгө, аткаруу бийлигинин органдарынан жана ушул Мыйзамдын 12-статьясында көрсөтүлгөн жактардан жол жүрүүнүн коопсуз деп эсептелген шарттары жөнүндөгү анык маалыматты алууга;

- ушул Мыйзамдын 13-статьясында көрсөтүлгөн кызмат адамдарынан жолдо жүрүү боюнча бекитилген чектөөлөр менен тыюу салуулардын себеби жөнүндөгү маалыматты алууга;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу продукциянын жана кызматтын сапаты жөнүндө толук жана анык маалыматты алууга;

- мыйзамда жана башка ченемдик актыларда же берилген лицензиялардын талаптарында жардам берүү милдеттери жүктөлгөн мекемелерден жана (же) кызмат адамдарынан жол кырсыгына туш болгон учурда медициналык, куткаруу иштерине байланыштуу жана башка өтө шашылыш түрдө берилүүчү жардамдарды бекер алууга;

- жол кырсыгынын натыйжасында денесинен жаракат алса, ошондой эле унаа каражаты же жүгү зыянга учураса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип боюнча келтирилген зыянды төлөтүп алууга;

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында ыйгарым укугун ишке ашыруучу кызмат адамдарынын мыйзамсыз жүргүзгөн иш-аракеттерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип боюнча жана алардын негизине даттануу иштерин жүргүзүүгө.

4. Жол кыймылынын катышуучулары жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу жагынан ушул Мыйзамдын жана ага ылайык чыгарылуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-22)  
Кийинки берене: [231-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-231)
