# 22-статья. Жол кыймылынын коопсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 22-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-22

---

1. Жол кыймылынын кропсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу деп - транспорт каражаттарын айдоочуларды жана айдоочуга талапкерлерди милдеттүү түрдө медициналык жактан күбөлөндүрүү жана кайра күбөлөндүрүү, айдоочулауды рейске чейинки, рейстен кийинки жана рейс учурундагы медициналык жактан текшерүүдөн өткөрүү, жол кырсыгынан жана чеккендерге медициналык жардам көрсөтүү, жолдо жүрүүнүн катышуучуларын Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана башка атайын бөлүктөрдүн кызмат адамдарын, ошондой эле жалпы калкты жол кырсыгынан жана чеккендерге дарыгерге чейинки жардам көрсөтүүгө үйрөтүү эсептелет.

2. Милдеттүү түрдө медициналык күбөлөндүрүүнүн жана кайра күбөлөндүрүүнүн максаты болуп транспорт каражаттарын айдоочуларынын жана айдоочуга талапкерлеринин айдоо кызматын өтөөгө медициналык жактан жол берилбеген же чектелген жактары бар экендиган аныктоо эсептелет.

3. Жол кырсыгынан жапа чеккендерге медициналык жардам көрсөтүү деп төмөнкүлөр эсептелет:

- жол кырсыгы болуп өткөн жерде дарыгерге чейинки жардамдын берилиши;

- жол кырсыгы болуп өткөн жерде, дарылоо мекемесине бараткан жолдо же дарылоо мекемесинин ичинде квалификациялуу медициналык жардамдын берилиши.

4. Милдеттүү түрдө медициналык текшерүүнүн мөөнөтү, аны өткөрүү тартиби, медициналык жактан саламаттыгы карама-каршы келгендердин тизмеси (мындай учурда Кыргыз Республикасынын гражданы транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылат), ошондой эле жол кырсыгынан жана чеккендерге медициналык жардамдын берилишин уюштуруу тартиби тийиштүү мыйзам аркылуу аныкталат.

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-23)
