# 21-статья. Уюштуруу процессиндеги жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511); 26.02.2015 [Закон КР от 26 февраля 2015 года № 40 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205461); 29.05.2008 [Закон КР от 29 мая 2008 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202311); 05.02.2007 [Закон КР от 5 февраля 2007 года № 11 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202045)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234269..1234270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 21-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-21

---

1. Жол кыймылын уюштуруу боюнча иш аракеттердин колдонулушу Кыргыз Республикасынын учурдагы стандарттарында белгиленген жана жол кыймылын уюштуруунун долбоор, чиймелеринде каралган техникалык каражаттар менен конструкцияларды чогуу пайдалануунун негизинде жүргүзүлөт.

2. Жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлин төмөндөтүүнүн эсебинен жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө багытталган же башка максатты көздөгөн жол кыймылын уюштуруудагы өзгөртүүлөрдүн болушуна тыюу салынат.

3. Жол кыймылынын коопсуздугуна чыныгы коркунуч туулган өтө зарыл учурда транспорт каражаттары менен жөө жүрүүчүлөрдүн жолдо жүрүшүн уюштурууну өзгөртүү иштери атайын укук ыйгарылган Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын же Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кийин кабарлоо аркылуу жол жана коммуналдык кызматтын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдо жүрүүнүн бирдиктүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жол кыймылынын эрежелери аркылуу аныкталат.

5. Кыргыз Республикасынын жолдорунда транспорт каражаттарынын жолдун оң жагы менен жүрүү тартиби бекитилет.

6. Коммуналдык чарба, айыл чарбасы, жолдорду куруу (күтүү) үчүн арналган транспорт каражаттарын (автокрандарды, автобургулоочуларды, автобетон аралаштыргычтарды, чачып жуугуч машиналарды), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу транспорт каражаттарынын башка түрлөрүн кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоо, пайдаланууга жол берүү жана жол кыймылына катышуу үчүн алып кирүүгө тыюу салынат.

Кайра алып кетүү жөнүндө' милдеттенме менен 6 айдан ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын жарандары, жарандыгы жок адамдар жана чет элдик адамдар тарабынан алып келинген, эл аралык кыймылга катышкан мамлекеттердин айырмалоочу каттоо белгиси болгон транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында ээликтен ажыратылууга жана туруктуу катталууга тийиш эмес.

7. Автомобиль транспорту чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоо органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Убактылуу каттоо тартибине ылайык эл аралык каттамга катышкан мамлекеттердин айырмалоочу каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын убактылуу каттоодон өткөрүшөт.

(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2008-жылдын 29-майындагы № 100, 2015-жылдын 26-февралындагы № 40, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-22)
