19-статья. Транспорт каражаттарын пайдаланууга байланыштуу иш-аракеттерди аткарууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча юридикалык жана жеке жактарга коюлуучу негизги талаптар
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · III БӨЛҮМ
1. Транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына иш-аракеттерди аткарып жаткан юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган талаптарга ылайык айдоочулардын ишин уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айдоочулардын эмгек жана эс алуу эрежелерин сактоо;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана автотранспорт менен шаардагы жер үстүндө жүрүүчү электр транспортторун айдоочулары жана башка кызматкерлеринин адистигин жогорулатуу боюнча шарттарды түзүүгө;
- өздөрүнө таандык транспорт каражаттарынын катышуусу менен жол кырсыктарынын жана жол кыймылынын эрежелеринин бузулуш себептерин талдоого жана четтетүүгө;
- саламаттыкты сактоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен айдоочуларды рейс алдындагы медициналык текшерүүдөн өткөрүү, жол кырсыктарына кириптер болгон адамдарга дарыгерге чейинки медициналык жардам берүүгө; айдоочуларды машыктыруу иш чараларын уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- транспорт каражаттарынын техникалык абалынын жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына шайкеш келишин камсыз кылууга жана жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирген бузук транспорт каражаттарды пайдаланууга тыюу салууга.
2. Жол кыймылынын коопсуздугун бузууга аракеттенген транспорт каражаттарынын айдоочуларына кандай гана мүнөздө болсо да юридикалык жана жеке жактар тараптан мажбурлоо же колдоо көрсөтүүгө тыюу салынат.
3. Автомобиль жана жаардагы жер үстүндө жүрүүчү электр транспорту аркылуу ташуу жумушун аткарган юридикалык жактар ташуунун бөтөнчөлүгүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде атайын эрежелерди белгилөө менен учурдагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти төмөндөтпөй туруп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында транспорт каражаттарынын айдоочуларына кошумча талаптарды кое алат.
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-19" title="19-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>