# 17-статья. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июня 2003 года № 113 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/1241)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=31356..1234254>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 17-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-17

---

1. Транспорт каражаттарын шайма-шай абалда кармоо максатында аларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо иштери жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга кызмат кылуусу зарыл.

2. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоонун ченем, эреже, процедуралары аларды пайдалануу шартын эсепке алуу менен даярдоочу завод тарабынан аныкталат.

3. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо боюнча жумуштарды аткарган жана кызмат көрсөткөн юридикалык жак менен жеке ишкерлер аталган иштерди жана кызматтарды аткаруу боюнча лицензияга жана шайкештик сертификатына ээ болууга жана белгиленген ченем эрежелерге ылайык иш кызмат өтөөгө милдеттүү.

4. Техникалык жактан тейлөө жана оңдоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жол жүрүүгө катышкан транспорт каражаттарынын техникалык абалы жана жабдылышы белгиленген тартиптеги талаптарга жооп бериши керек, аталган жумуш же кызмат аткаруучу тарабынан берилүүчү тийиштүү документ аркылуу күбөлөндүрүлүшү зарыл.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, расмий тил менен айырмачылыктар бар.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-18)
