17-статья. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · III БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июня 2003 года № 113
1. Транспорт каражаттарын шайма-шай абалда кармоо максатында аларды техникалык жактан тейлөө жана оңдоо иштери жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга кызмат кылуусу зарыл.
2. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоонун ченем, эреже, процедуралары аларды пайдалануу шартын эсепке алуу менен даярдоочу завод тарабынан аныкталат.
3. Транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо боюнча жумуштарды аткарган жана кызмат көрсөткөн юридикалык жак менен жеке ишкерлер аталган иштерди жана кызматтарды аткаруу боюнча лицензияга жана шайкештик сертификатына ээ болууга жана белгиленген ченем эрежелерге ылайык иш кызмат өтөөгө милдеттүү.
4. Техникалык жактан тейлөө жана оңдоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жол жүрүүгө катышкан транспорт каражаттарынын техникалык абалы жана жабдылышы белгиленген тартиптеги талаптарга жооп бериши керек, аталган жумуш же кызмат аткаруучу тарабынан берилүүчү тийиштүү документ аркылуу күбөлөндүрүлүшү зарыл.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-июнундагы № 113 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги, расмий тил менен айырмачылыктар бар.
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской РеспубликеЗакон · 24.06.2003 · № 113
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>