# 15-статья. Унаа каражаттарын пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 апреля 2025 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним", "О залоге")](https://aqlex.ai/kg/doc/230026420)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=11337..54764>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 15-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-15

---

1. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарынын техникалык абалы жана жабдуулары жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуусу зарыл.

2. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарын техникалык жактан шайма-шай абалда кармоо милдети менчиктин түрүнө карабай ошол транспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу келишимин (келишимдерин) түзүү боюнча милдет автотранспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт.

(КР 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-16)
