# 14-статья. Транспорт каражаттарын жана алардын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдууларын, запастык бөлүктөрү менен шаймандарын жасоодо жана сатып өткөрүүдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2015 года № 13 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205442)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234259..1234260>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 14-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-14

---

1. Кыргыз Республикасында даярдалган же 6 айдан ашык мөөнөткө чет өлкөдөн алып келинген жана анын аймагында жол кыймылына катышууга арналган транспорт каражаттары, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга тиешелүү бөлүгүндө транспорт каражаттарынын конструкцияларынын курама бөлүктөрү, кошумча жабдуу буюмдары жана шаймандары алар техникалык регламенттерге ылайык келгенде рынокто айландырууга жол берилет.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында сатыла турган жана жол кыймылынын коопсуздугунун белгиленген талаптарына ылайыктыгын тастыктаган документтери болбогон транспорт каражаттарын, ошондой эле конструкцияларынын курама бөлүктөрүн, кошумча жабдуу буюмдарын, запастык бөлүктөрүн жана шаймандарын жасоочунун (сатуучунун, аткаруучунун) жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында жолдо жүрүүгө арналган транспорт каражаттарынын (эл аралык жол жүрүүгө катышкандардан же 6 айдан ашык эмес мөөнөттөгү чет өлкөдөн алып келингендерден башкасынын) жол жүрүү укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды каттоо жана тийиштүү документ берүү аркылуу ишке ашырылат. Жол кыймылынын коопсуздугунун белгиленген талаптарына шайкештигин күбөлөндүргөн документи жок транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынат.

4. Каттоодон өткөрүлгөн транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга таасир этүүчү конструкциясына, анын ичинде курама бөлүктөрүнүн конструкциясына, кошумча жабдык буюмдарына, запастык бөлүктөрүнө жана шаймандарына киргизилген өзгөртүүлөр техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-15)
