# 12-статья. Жолдорду кызмат көрсөтүү объектилери менен жабдуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2015 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111225)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.07.2015 [Закон КР от 20 июля 2015 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111225); 07.02.2005 [Закон КР от 7 февраля 2005 года № 15 "О внесении дополнений в Законы Кыргызской Республики "О транспорте", "О дорожном движении в кыргызской Республике" и Земельный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234261..1234262>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 12-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-12

---

1. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, эгерде автомобиль жолдору алардын карамагында болсо, кызмат көрсөтүү объектилеринин долбоорлоо ченемдерине, курулуш пландарына жана башка схемасына ылайык ал жолдорду аталган объектилер менен жабдууга чара көрөт, жол кыймылынын катышуучуларынын талаптарын канааттандыруу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тийиштүү иштерди уюштурат, аларга мындай объекттер жана жакын жайгашкан саламаттыкты сактоо, байланыш мекемелери туурасындагы маалыматтарды, ошондой эле жолдун тийиштүү бөлүктөрүндөгү жол кыймылынын коопсуздук шарты жөнүндөгү маалыматтарды берет.

(Экинчи абзац Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Жолдорду кармоону тийиштүү деңгээлде камсыз кылбагандыктан, күтүлбөгөн окуялардын жана жол транспорт кырсыктарынын келип чыгышына алып келсе, күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-13)
