12-статья. Жолдорду кызмат көрсөтүү объектилери менен жабдуу
Күчүндө · 05.06.2026 редакциясы · III БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2015 года № 181
1. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, эгерде автомобиль жолдору алардын карамагында болсо, кызмат көрсөтүү объектилеринин долбоорлоо ченемдерине, курулуш пландарына жана башка схемасына ылайык ал жолдорду аталган объектилер менен жабдууга чара көрөт, жол кыймылынын катышуучуларынын талаптарын канааттандыруу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тийиштүү иштерди уюштурат, аларга мындай объекттер жана жакын жайгашкан саламаттыкты сактоо, байланыш мекемелери туурасындагы маалыматтарды, ошондой эле жолдун тийиштүү бөлүктөрүндөгү жол кыймылынын коопсуздук шарты жөнүндөгү маалыматтарды берет.
(Экинчи абзац Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Жолдорду кармоону тийиштүү деңгээлде камсыз кылбагандыктан, күтүлбөгөн окуялардын жана жол транспорт кырсыктарынын келип чыгышына алып келсе, күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 05.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 181 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 февраля 2005 года № 15 "О внесении дополнений в Законы Кыргызской Республики "О транспорте", "О дорожном движении в кыргызской Республике" и Земельный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.07.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жол кыймылынын коопсуздук шарты жөнүндөгү маалыматтарды берет.
кошулду: (Экинчи абзац Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Жер кодексинде аныкталуучу калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлеринде автомобилъ транспорту үчүн акы төлөп токтотуучу жана коюучу жайларды уюштурууга жана курууга тыюу салынат.
кошулду: 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Жолдорду кармоону тийиштүү деңгээлде камсыз кылбагандыктан, … тартышат.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 7-февралындагы № алынып салынды: 15 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 15, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 20.07.2015 · № 181
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/60/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>