# 11-статья. Жолдорду оңдоодо жана кармоодо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2015 года № 13 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205442)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234259..1234260>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 11-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жолдорду оңдоо жана кармоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга кызмат кылышы зарыл. Жолдордун абалынын техникалык регламенттерге, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эрежелерге, стандарттарга, техникалык ченемдерине жана башка ченемдик документтерге шайкеш келиши аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын катышуусунда жүргүзүлгөн жолдорду контролдоонун же иликтөөнүн актылары аркылуу тастыкталат.

2. Жолдордун оңдолгондон кийинки жана пайдалануу учурундагы абалынын бекитилген эрежелерге, стандарттарга, техникалык ченемдерге жана башка ченемдик документтерге шайкеш келиши боюнча милдет, ал жолдор кайсы аткаруу бийлигинин органынын карамагында болсо, ошол органга жүктөлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-12)
