# 10-статья. Жолдорду долборлоо, куруу жана реконструкциялоо учурунда жод кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/60)
- Документтеги орду: III БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 20-апрелиндеги № 52 "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.04.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2015 года № 13 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205442)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/60#diff=1234259..1234260>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-49/edition/1234253/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/60/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө, 10-статья (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-10

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы жолдорду долборлоо, куруу жана реконструкциялоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуусу тийиш. Курулган жана жаңыртылган жолдордун техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин, стандарттарынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ченемдик башка документтердин талаптарына шайкеш келиши жолду кабыл алуу актысы менен тастыкталат. Жолду кабыл алуу актысы өз укугунун чегинде аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дайындаган комиссия тарабынан белгиленген тартип боюнча жүргүзүлгөн контролдоо, иликтөө жана сыноо иштеринин натыйжасынын негизинде берилет.

2. Долбоорлоо этабында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча белгиленген талаптарга жолдун жооп беришине байланыштуу жоопкерчилик Долбоорду аткаруучуга, ал эми куруу жана реконструкциялоо учурундагы жоопкерчилик ал жумушту аткаруучуга жүктөлөт.

3. Жолдорду долбоорлордо, курууда жана эксплуатациялоодо жол кыймылынын коопсуздугуна кедерги болуучу инженердик чечимдерди кабыл алуунун эсебинен капиталдык чыгымдарды төмөндөтүүгө жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/60/st-11)
